Жаңылыктар
Каракол шаарында спорт комплекси курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарында спорт комплекси курулат

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарында спорт комплексин куруу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалгандай, пландалган сумма - 100 млн 51 миң 740 сом, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 12-декабрда аяктайт. 

Техникалык негиздемесинде айтылгандай, комплекс көп функциялуу болуп, эки блоктон турат.