Бишкек шаарында электрге төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүү 29-ноябрда башталат.
Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, “акылдуу” эсептегичтердин эсебинде Бишкекте 4 миң 300 электр колдонуучунун карызы бар. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Белгиленгендей, Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.