Жаңылыктар
Президент Борбор Азияны түйшөлтө турган маселени көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Борбор Азияны түйшөлтө турган маселени көтөрдү

Саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик методдор менен каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан глобалдык коопсуздук системасындагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде кубулуп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарыл. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.

1992-жылы түзүлгөн бул уюм бүгүн отуз жылдыгын белгилеп жатып сыноонун астанасында тургандай. Армениядагы уюмга карата түзүлгөн бүгүнкү маанай биримдиктин багытын кандай өзгөртөт убакыттын иши. Бирок Жамааттык коопсуздукту сынаган мындай учур алгачкы жолу болуп жаткан жок. (Өзбекстандын, Грузиянын, Азербайжандын биримдиктен кайсы бир учурда чыгып кеткенин эске алганда). Геосаясттын бүгүнкү абалынын өзү деле сыноо. Айрыкча коопсуздукта.

Мындай шартта Кыргызстан аймактык коопсуздуктун эффективдүү механизми катары Уюмдун потенциалын чыңдоого кызыкдар экенин жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге даяр экенин Президент Садыр Жапаров билдирди.