Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы 125 млрд сом, Бажы кызматы 59 млрд сом чогултту. Мындай натыйжага жетишүү менен Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатууга мүмкүн болду. 1-апрелден тартып социалдык чөйрөдөгү 271 миң кызматкердин маянасы көбөйдү. Анын ичинен 169 миңи агартуучулар. 82 миңи дарыгерлер. 20 миңге жакыны маданият тармагынын адистери.
Мугалимдердин айлыгына келсек, быйыл Билим берүүгө кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, эң көп каржыланган министрлик болду. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасы, категориялар кирди.
Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Категориялар үчүн төлөмдөр сакталып калды. Ошондой эле быйыл алтымыш миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Аскер кызматкерлеринин айлыгы да жогорулады. Акыркы эки жылда мамлекет кепилдген социалдык төлөмдөр да үч баскыч менен көбөйдү.