Жаңылыктар
Элдик Курултай кандай өттү?
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик Курултай кандай өттү?

Кыргыздардын же көчмөндөрдүн көөнө тарыхын алып карасак Курултай сындуу элдик жыйындар мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү болуп келген. Курултай сөзү кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн сөз болгону менен дал ушул элдик жыйынды туюнткан процестин өзү "Манаста" да кездешет. Бүгүнкү сөз менен айтканда бул кыргыздын канындагы демократия. Акылман кыргыз бекеринен кеңешип кескен бармак оорубайт же ийри отуруп түз кеңешели дегенди айтпаса керек.
Эки күн өткөн Элдик Курултайга келген миңден ашык делегаттын катарында карапайым дыйкан фермерден тартып, дарыгер, агартуучу, академикке чейин жүрдү. Сыртта эмгектенип жүргөн мекендештер да төгөрөктүн төрт бурчунан өкүлдөрүн жиберди. Диний конфессиялардан да катышты. Делегаттардын катарын орто курак, улуу муун, жаштар жана айымдар, Кыргызстанды мекендеген ар улуттун өкүлдөрү түздү.