Жаңылыктар
Курултайда көтөрүлгөн маселелер качан аткарыла баштайт?
Кыргызстан жаңылыктары
Курултайда көтөрүлгөн маселелер качан аткарыла баштайт?

Мурдагы күнү башталып, кечээ күнү жыйынтыкталган Биринчи Элдик Курултайга миң жетимиштен ашык делегат келди. 

Эл менен бийлик ортосундагы байланышты чыңдаган, бийликтин элге отчёт берүүсүнө аянтча болгон кереге кеңеште бийлик элди укту, эл да бийликти укту. Келген делегаттын баарына сөз жетпесе да ар бир райондон бештен делегат сөз алып, аймактын көйгөйүн көтөрдү көрүнөт. Сөз алып жетишпегендер кат түрүндө тапшырышты. Кыскасы бир дагы кайрылуу кабыл алынбай калган жок.

Аткаруу бийлигинин башчысы катары эки күнү тең Президент, министрлер кабинетинин мүчөлөрү толук бойдон, башка бийлик органдарынын жетекчилери ошол жерде отуруп, элдин сунушун да, сынын да укту. Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөр дээрлик бардыгы окшош. Бардык айылда мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу, сугат суу, жайыт, жер тилкелеринин жоктугу негизги көйгөй. Демек бийлик алдыдагы беш-он жылда ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеши керек. Президент дагы бул маселелер мамлекеттин көңүл чордонунда турганын ырастады.

Ошол эле маалда улутту түйшөлткөн, мамлекет үчүн маанилүү, глобалдуу маселелер айтылбай койгон жок. Алтургай аларды кантип чечиш керек экенин көрсөткөн сунуштар айтылды. Курултайдын да негизги максаты ушул эле да. Улуттун келечеги эмне болот? Мамлекет кайда баратат? Кантип өнүгөбүз деген маселердин үстүнөн бирге түйшөлүп, ийри отуруп түз кеңешиш үчүн ушунча эл келди да. Учурда курултайдын тарыхый дагы, саясий миссиясы дагы ушул. Ал канчалык өз максатына жетти? Адистердин ою кандай? Артылган үмүт акталдыбы?