“Эки жылда элдин түңүлүп калган үмүтүн жандандырдык”. Мындай пикирин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Ал Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн мезгилинден тартып коррупция, регионализм, миграция жана жумушсуздук сыяктуу көптөгөн олуттуу сыноолорду өз башынан өткөргөнүн эске салды.
Жапаров 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Айтымында, эл аралык институттардын терс жоромолдоруна карабастан, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү өстү.
Быйыл он айында экономикалык өсүш 7%ды түздү. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 503 млрд сом болот.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мамлекет башчысы белгилеген милдет-максаттарды ишке ашырууда өлкөнүн ар бир жаранынын колдоосу маанилүү экендигин белгиледи.