Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайда сүйлөп жатып, "Кемпир-Абад" маселесине токтолду. Бул багытта элдин калың катмарына түшүндүрүү иштери жүргөндүгүн айтты.
"Аталган маселе боюнча ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бердик", - деди ал.
Президент чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары да ушул багытты карманарын билдирди.
Мамлекет башчы эл арасында чек аранын Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттуу, билимдүү жарандарын көп экендиги кубандырганын баса белгиледи.