Биринчи Элдик курултайга Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерден 1 миң 72 делегат катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди.
Айтымында, уюштуруу комитетинин дарегине 1 612ден ашык кайрылуу түшкөн. Ал эми шайланган делегаттардын ичинен Баткен облусунан 71, Жалал-Абад облусунан 147, Нарын облусунан 128, Ош облусунан 179, Талас облусунан 76, Чүй облусунан 218, Ысык-Көл облусунан 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, эмгек мигранттарынан 26, конфессиялык уюмдардан 10 делегат катышууда.
Делегаттардын курамын 150дөн ашуун аял, 924 эркек киши түзөт.