Жаңылыктар
Президент: Эл коррупционерлерди тууганым деп коргой берсе, анда илдеттен эч качан кутулбайбыз
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: Эл коррупционерлерди тууганым деп коргой берсе, анда илдеттен эч качан кутулбайбыз

“Эл коррупционерлерди тууганым деп коргой берсе, анда илдеттен эч качан кутулбайбыз”. Мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайдын жүроүшүндө Президент Садыр Жапаров билдирди. 

Ал Курултайда талкуулана турган негизги маселелердин бири - коррупциянын кесепети жана анын алдын алуу иштерине басым жасоо экендигине токтолду. 

“Эгер эл коррупционерлерди тууганым, жердешим эле деп коргой берсе, анда биз бул илдеттен эч качан кутула албайбыз. Элдик мүлккө кол салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт” десек, ошондо гана аны жеңе алабыз”, - деди өлкө башчысы.