Биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн Кыргызстанга жети мамлекеттен 27 делегат келди. Алар сыртта иштеп, жашап жүргөн мекендештер. Мекендештерибизди негизинен жумушка орношуу, документтеринин жоктугу, келген өлкөнүн мыйзамдарын билбегендик жана башка бир топ маселелер кызыктырат.