Экономисттер дүйнөдө болуп жаткан каржылык кыйын шартта маянанын жогорулаганы туура кадам деген ойдо.
Быйыл апрель айынан тарта өлкө боюнча 309 миң бюджеттик кызматкердин эмгек акысы жогорулатылып, бул максатка кошумча 26 млрд сом бөлүнгөн. Айлык акы 50дөн 100%га чейин жогорулады.
Министрлер Кабинети кийинки жылдары эмгек акыны жыл сайын 20%га көтөрүүнү пландоодо.