Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.