Чүй жана Ошто үйүнүн документи жокторго кызыл китеп 2023-жылдын башына чейин берилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымдады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров ушул жылдын апрелине чейин сөз болуп жаткан жерлер трансформацияланарын айткан. “28,9 миң гектар жер трансформацияланып, 146 миң үй-бүлөгө “кызыл китеп” берүү процесси жүрүп жатат. Бул абдан татаал нерсе. Жылдын аягына чейин же 2023-жылдын башында бүтөбүз деп турабыз”, — деди ал.
Министр фундамент куюлуп же үй салынып калган участоктор мыйзамдаштырыларын кошумчалады.