Жалал-Абад шаарында 2 жарым чакырым аралыкка саркынды суу түтүктөрү орнотулду.
Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен таза суу жана агынды суу тутумун реабилитациялоо долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылып жатат.
Анын алкагында шаардын Султан Ибраимов, Балтагулов көчөлөрүндө саркынды суу түтүктөрү жаңы тартылууда. Мындан сырткары шаардын Спутник, Көк-Арт кичи райондорундагы көчөлөрдө да суу түтүктөрүн жаткыруу иши жүрүп жатат.
Жалпысынан экинчи фаза менен шаарда 8 чакырым пайдаланылган суу тутуму жана 40 чакырым таза суу түтүктөрү тартылат.
Ошондой эле саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.