Баткен шаарына калкты тейлөө үчүн 6 автобус жеткирилди.
Президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтуусунда, транспорт "Айыл Банк" тарабынан 6 жылдык мөөнөткө лизинг аркылуу алып келинди жана шаар калкын тейлейт. "Автобустарды туура иштетсек, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен 6 жылда өзүн-өзү каржылоого болот”, - деди ал.
Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан да Баткен облусуна 50 млн доллар каражат бөлүнгөн. Облусту өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү каралган. Анын ичинде Баткен шаарындагы "Манас" комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк оңдолот.