Жаңылыктар
Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. 

Төрага расмий сапар менен келүүгө чакыруу жолдоп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Мустафа Шентопко ыраазычылык билдирди. Саясий-экономикалык байланыштар менен катар маданият, туризм, саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларга тиешелүү маселелер да айтылып, эл аралык деңгээлдеги кызматташтык тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыкка олуттуу маани берерин белгиледи.