Бүгүнкү күндө өлкөдө жети жүз миңден ашык пенсионер бар. Пенсияны жогорулатуу жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртууга болгон аракеттин бири. 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлгөн. Ошол эле учурда Социалдык фонд октябрь айындагы пенсияны жогорулатуунун тизмесине кирбей калган майыптык алган аскер кызматкерлери жана Чернобыль авариясын жоюуга катышкандарга келерки жылдын 1-январынан баштап пенсияларын жогорулатуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты.