Жалал-Абад облусунда бир ай аралыгында чакан ГЭС ишке кирет. Кубаттуулугу 1 миң 200 киловатт болгон гидроэлектрстанциянын курулушу дээрлик 90 пайызга аяктаган. Ал ишке кирсе, Сузак районундагы бир нече айылды электр энергиясы менен камсыздоого күчү жетет.