Жаңылыктар
Кыргызстанда туризм кантип өнүгөт?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда туризм кантип өнүгөт?

Өлкөдө туризмди тегиз өнүктүрүү милдети турат. Аймактардагы тарыхый жайларды дүйнө элине даңазалоо боюнча демилге көтөрүлүп, жакынкы беш жылдыкта ишке аша турган бир топ долбоорлор түзүлгөн. Чүй өрөөнүндө эле онго жакын тоо лыжа базалары, ондон ашык жайлоолор жана ЮНЕСКОнун коргоосунда турган тарыхый аймактар бар. Аларды Азияга жайылтуудан эле эбегейсиз киреше табуу менен улуу жибек жолундагы тарыхый аймактарга айлантууга болот. Аймактардын өзгөчөлүгүн эске алып, туризмди өнүктүрүү демилгеси күч алды. Ар бир облус сырттан келгендерди кызыктырчу жерлерин даңазалоодо. Туризм департаменти тарабынан "Алтын Сары-Өзөн Чүй" акциясы өтүп, анда Чүйдөгү ажайып жайларды дүйнөгө таанытуу боюнча Япония менен эки тараптуу келишимге кол коюлду.