Жаңылыктар
Эдил Байсалов Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын иши менен таанышты. 

Иш сапардын алкагында мезгилдүү сасык тумоо жана жугуштуу оорулар күчөгөн мезгилде бейтаптарга өзгөчө көңүл бурууну белгиледи. 

Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, кайрылган жарандардын арасында кезек күтүүнүн алдын алууга өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди. 

Акыркы учурда мезгилдүү вирустук оорулар менен бейтапканага кайрылгандар көбөйүп жатат.