Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында кант диабетине акысыз текшерүү өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында кант диабетине акысыз текшерүү өтүүдө

Жалал-Абад шаарында "Өз кантыңды бил!" акциясы өтүүдө. Акция 22-ноябрь саат 15:00гө чейин болот. Анын алкагында шаар тургундары жана коноктору кант диабети боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат. 

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы “Ден соолукту чыңдоо” бөлмөсүнүн дарыгерлери кант оорусу тууралуу акысыз кеңештерди берүү менен бирге кан басымды, салмакты текшерип беришет. 

Аталган иш-чара 14-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү” күнүнө карата Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан уюштурулган.