Калктын аялуу катмарын колдоо жана жашоо шартын жакшыртуу максатында быйыл пенсия, айлык жана жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлдү. Бул мамлекеттин жарандарга олуттуу колдоосу. "Үй бүлөгө көмөктүн" жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын чегерилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү сезилээрлик арбыды. Ал эми үй-бүлөнүн экономикалык абалын оңдоого “социалдык келишим” долбоору ийгиликтүү иштеп, бизнес түптөөгө 100 миң сомдон берилүүдө.