Жаңылыктар
Садыр Жапаров Казакстан президентин жеңиши менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Казакстан президентин жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ал казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. 

Шайлоонун жыйынтыгы жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады. 

Садыр Жапаров Казакстандын Президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. 

Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, 9-декабрда Бишкекте өткөрүү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты.