Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары тарыхый чечим кабыл алышты. Алар “Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек арасын тактоо”, “Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 3 окууда бир карап, көпчүлүк добуш менен жактырышты.
Бирок, маселелерди кароо оңойго турган жок. Суроо-жооп, талкуу 6 саатка жакын созулуп, документтин ийне-жибине чейин такталып жатты. Өзгөчө көңүл “Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө” мыйзам долбооруна бурулду. Анда баяндаманы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жасап, отурумга баштан аяк Президент Садыр Жапаров катышты. Ташиевдин айтымында, чек араны тактоо оңойго турган эмес. Бир канча сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгында резервуардын алдында калган 4485 гектар жер үчүн Кыргызстан жалпысынан 19699 гектар жер аянтын алган.