Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүндө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин ант берүү иш-чарасы өттү. Бул ирет Кыргызстандын 150дөн ашуун жаш аскери мекенине берилгендик убадасын беришти.
Бир ай боюу тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жоокерлер күчөтүлгөн программадан өтүшкөн. Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жана саптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышкан. Ошондой эле курал-жарактар менен саптык ыкмаларды көрсөтүшүп, майрамдык концерт уюштурулду. Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.