Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына "Кемпир-Абад" боюнча ачык маек курду.
Анда ал чек ара маселесин чечүү, кошуна тарап менен сүйлөшүүлөр оңойго турбаганын белгиледи.
Жыйынтыгында, бардык жактан өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон орток пикирге келе алышкан. Советтер союзу чачырагандан бери бүгүнкү күнгө чейин такталбай талаш болуп келген жерлердин бир тобу Кыргызстанга өткөн. Маселен, Көк-Серек, Баястан, Кара-Белес айылынын тегерек четинен бир нече гектар жер аянттары Кыргызстанга алынган. 35 гектарды түзгөн Үңкүр-Тоо да толугу менен Кыргызстан тарапка өткөн. Өзбекстан тарап Гавасай 12 849 гектар жер аянтын 1965-жылкы келишимге ылайык, сол жээк каналын курбай калганы үчүн компенсация катары берген. Бирок, буга чейин бул пайдалуу келишимдерге кандайдыр бир зыян тийип калбасын деп, бир катар маалыматтар ачыкталбай турду дейт Камчыбек Ташиев.