Жаңылыктар
Бишкектин Ленин району кышкы мезгилге даярбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Ленин району кышкы мезгилге даярбы?

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондогу отканалардын абалын текшерди. 

Аталган райондун башчысы отун-энергетикалык комплексинин үзгүлтүксүз иштешин жана күз-кыш мезгилинен сапаттуу өтүүнү камсыз кылуу максатында “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын алдындагы райондук отказандардын жана №74 гимназия-мектебиндеги отканаларындагы иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Аталган райондун отказандары ар жылы жай мезгилинде оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлөт. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Ленин районунун аймагында “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын 26 отканасы жайгашкан, алар 232 көп кабаттуу турак үйдү, 13 жатакананы, 42 барак үйдү, 115 жеке үйдү, 17 мектепти жана 7 бала бакчаны жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылып келет.

Руслан Тагаевдин билдирүүсүнө ылайык, кыш мезгилине даярдык жакшы, отказандардын абалы канаттандыраарлык. “Бишкекжылуулукэнерго” былтыр жаңы система орнотуп бергендиктен Ленин району кышкы суукта ашыкча маселе жаралбайт. 

Азыркы учурда “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын отканалары штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу керектүү көлөмдө берилүүдө.