Жаңылыктар
Дотация менен 2204 дыйкан үрөн алды
Кыргызстан жаңылыктары
Дотация менен 2204 дыйкан үрөн алды

Быйыл дотация боюнча 2 миң 204 дыйкан үрөн алган. 

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин маалыматы боюнча “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча 41,3 млн сомго каржылоо ачылган. 

Жаздык себүүдө департамент жана үрөн чарбалары тарабынан 45 келишим түзүлгөн. 43,15 млн сомду түзгөн 2532,3 тонна үрөн дыйкандарга берилген. Анын ичинен буудай, апра, жүгөрү, картошка, эспарцет жана пахтанын үрөнү себилди. Натыйжада себилген үрөн 2172,1 тонна же 36,3 млн сомго сатылды.