Ата-энесинен ажырап калган балдарга 18 жашка чейин эч кандай маалымкат талап кылынбай пенсия төлөө каралууда. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтуусунда, учурда ата-энеси каза болондугуна байланыштуу 16 жашка чейинки балдарга пенсия төлөнөт. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ушул балдардын жашын 18ге чейин көтөрүү киргизилүүдө. Бала студент болсо сырттан окуганына карабай 23 жашка чейин пенсиясын төлөп берүү да сунушталып жатат.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору учурда комитеттен өтүп, жалпы жыйынга чыгуу алдында турат.