Жаңылыктар
"Каракол" аэропортунун курулушу кызуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
"Каракол" аэропортунун курулушу кызуу жүрүп жатат

"Каракол" аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Объектини 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалып жатканын "Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады. 

"Аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады. Эми аэродромдун элементтерин реконструкциялоо, анын ичинде учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жана жарык берген жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Долбоорду Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Курулуш "Манас" аэропортунун өз каражатынын эсебинен аткарылып жатат.

"Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин жаңыланган "Каракол" аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат", — деп айтылат кабарда.

"Каракол" аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделип, учуп-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мамлекет башчы ушул жылдын май айында аталган аэропорттун жаңы бекетинин курулушуна капсула салган.