Аба ырайы бузулганда Бишкек-Ош каттамындагы Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө алдын ала чектөө киргизилген. Бирок күйүүчү май, курулуш материалдарын ташыган айрым унаалар талапка баш ийбей Токтогул районундагы Арал постунан Бишкекти карай өтүп кетишкен. Натыйжада жол жабылган.