Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: "Кемпир-Абад" үч нөөмөттө иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: "Кемпир-Абад" үч нөөмөттө иштейт

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адис кирген биргелешкен комиссия башкарат. 

Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. 

Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы: суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана башка жагдайлар кирбей турганы жазылган. 

Парламентте келишимди кароо учурунда суу сактагычтын суусун башкаруудагы биргелешкен комиссиянын саны боюнча суроо көтөрүлдү.