Жаңылыктар
Парламент кыргыз-өзбек чек ара боюнча келишимди ратификациялады
Кыргызстан жаңылыктары
Парламент кыргыз-өзбек чек ара боюнча келишимди ратификациялады

Бүгүн парламент ушул жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. 

Жогорку Кеңештеги талкууга президент Садыр Жапаров катышып, депутаттардын суроолоруна Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди. 

Эми аталган келишимге президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.