Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешеси 4,3 пайызга өстү. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылгандай, алты айдагы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 272,3 миллиард сомду түзгөн. 

Ал эми өлкө жарандарынын колуна тийген акчасы бир айда орто эсеп менен 7 жарым миллион сомдон ашуун болору жазылган. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга көп. Элдин акчалай кирешесинин 68,9 пайызы эмгек акыдан, 14,3 пайызы пенсия, жөлөк пулдан, 12,6 пайызы жеке көмөкчү чарбалардан жана 4,1 пайызы башка булактардан түшөт.