Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзбекстанга кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш тилкелеринин бир дагы сотых жери берилбегенин айтты.
УКМКнын төрагасы белгилегендей, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди эске албаганда талаш жерлер Кыргызстанга өттү.
Буга чейин бир дагы өкмөт, мамлекет башчы Кемпир-Абаддын сол жээгинен кеткен каналды “куруп бересиң” же “компенсация бересиң” деп сурай алган эмес. Сураса дагы эч нерсе ала алган эмес. Биз буга жетиштик. Башында өзбек тарап “сол жээктеги каналдын ордуна финансылык компенсация берели” деди. Бирок финансылык компенсация албай турганыбызды билдирип, жер ала турганыбызды айттык. Анын негизинде Гавасайды, 12 миң 849 гектар жерди алып отурабыз” - деди Камчыбек Ташиев.