Президент Садыр Жапаров Парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын чечүүчү документти кароонун алдында депутаттарга жана жарандарга, саясатчыларгы кайрылды.
Бүгүн парламентте ушул жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралды.