Сузак районунун Кара-Дарыя айылында үйлөрү селден жабыркаган 8 үй-бүлө турак жайлуу болду.
Чаңгыр-Таш айылынын бир катар тургуну бир жылдан бери вагондо жашап келген. Үй салууга чамасы жетпеген тургундарга жер тилкеси бөлүнүп, үч бөлмөлүү турак жайга мамлекет 5 млн 600 миң сом акча каражат бөлгөн.
Буга облустагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акылары да которулган. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 млн сом акча каражаты жумшалды.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырсыгынан жабыркаган жарандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктады. Өкүл мамлекет тарабынан жардамга муктаж үй-бүлөлөр ар дайым унутта калбасын белгилеп, айыл тургундарына түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.