Жаңылыктар
Кыргызстан - Бангладеш кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Бангладеш кызматташтыгы талкууланды

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин VI Саммитинин алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладештин Тышкы иштер министри Абдул Момен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. 

Өзгөчө көңүл IT-секторунда, текстиль жана тигүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бурулду.

Министр Кыргызстандын ВСП+ макамы бар экенин, анын жардамы менен Европа биримдигине кирген өлкөлөргө менен Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча кошумча төлөмсүз экспортоого мүмкүндүгү бар экенин белгилеп, Бангладеш тарапты ВСП+ макамынын жеңилдиктерин колдонууну карап чыгууга чакырды.

Бангладеш тарап өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирип, эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн өз ара ачууну сунуштады.