Жаңылыктар
УКМК сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сот тутумундагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, Ысык-Көл районундагы «плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер.

2010-жылдын 25-майында Убактылуу Өкмөтүнүн №43 Декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган. 

Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлерди пара катары алышкан. Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Чогултулган материалдардын негизинде, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Соттун мурдагы Төрагасына, төраганын орун басарыа, Жогорку Соттун азыркы эки судьясына жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасына карата Коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Мындан сырткары, УКМК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.