Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Жыйын кечээ күнү болуп, анда Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди. Эми Кыргызстан 2023-2025-жылдар ичинде БУУда адам укуктарын коргоого, андан ары өнүктүрүүгө, жайылтууга салымын кошуп, сунуштарын берип, маселелерди көтөрө алат. Белгилей кетсек, Кыргызстан муну менен кеңешмеге 3чү ирет мүчө болууда.