Жаңылыктар
УКМК: Сокулук электр тармагынын кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Сокулук электр тармагынын кызматкери кармалды

Чүй облусундагы электр тармактарындагы коррупциялык элементтерге бөгөт коюунун алкагында, Сокулук райондук электр тармактарынын участкасынын башчысы пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. 

Буга чейин райондун тургуну Сокулук райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. 

Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн жергиликтүү жарандан опузалап 20 миң сом талап кылышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында 7-октябрда Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармактарынын аймактык башчысы 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. 

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.