Жаңылыктар
Акылбек Жапаров парламенттин кезектеги сессиясынын ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
 Акылбек Жапаров парламенттин кезектеги сессиясынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылышына катышты.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан депутаттарды парламенттин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктайм. Сиздерге мыйзам чыгаруу ишмердигиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайм. Парламенттин биринчи сессиясында аткаруу бийлиги тарабынан 124 мыйзам долбоору демилгеленип, анын ичинен 71 мыйзам долбоору депутаттар тарабынан жактырылып, 67 мыйзамга Мамлекет башчы кол койгон. Бүгүнкү күндө парламенттин кароосунда 121 Мыйзам долбоору турат», - деди Акылбек Жапаров.