Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.