Дыйкандар өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп насыя ала алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди.
Анын айтымында, насыя алуу үчүн дыйкандар түшүм сактала турган кампалардан күрөөгө коюлуучу кампа күбөлүгүн алышы керек. Өз кезегинде кампа ээлери продукцияны талап боюнча сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирилет.
Кампа күбөлүктөрүн берүүнү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт, ал эми күбөлүктөрдү берүү кампалардын ээлери тарабынан ишке ашырылат.
Ошондой эле бардык коммерциялык жана мамлекеттик банктар өнөктөш боло алат.
Бүгүнкү күндө банктар менен насыя берүүнүн шарттары жана үстөк пайызы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.