Жаңылыктар
Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Штабдын кеңешмесинде республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, учурда инфекция жуктуруп алгандардын саны азайгандыгы байкалууда. Ошол эле учурда ведомство жарандарга эл көп чогулган жерлерде беткап режимин сактоону сунуштайт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов калкты коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүн күчөтүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Коронавирустан сактануунун жалгыз жолу бул эмдөө, өзгөчө бул өнөкөт оорулары бар адамдарга жана улгайган адамдарга тийиштүү. ДСУнун маалыматы боюнча, жакынкы айларда өлкөлөрдө SARS-CoV-2 улам ооруканага түшүү жана адам өлүмүнүн саны өсүшү инфекциялардын жаңы толкунуна алып келиши мүмкүн, натыйжада, абал сасык тумоо ооруларынын жана башка респиратордук инфекциялардын, мисалга, респиратордук синцитиалдык вирус учурларынын санынын өсүшү менен коштолушу, же коштолбошу ыктымал. 

SARS-CoV-2 жаңы штаммдарынын, же суб-линияларынын пайда болушу инфекциянын жаңы толкундарына алып келиши мүмкүн, бул ооруканага жаткыруулардын жана өлүмгө дуушар болгондордун саны көйүшүнө алып келиши мүмкүн, мында медициналык мекемелердин жүктөмү жогорулашы ыктымал», - деди ал. 

Жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди.