Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жана ТЮРКСОЙ Баш катчысы Султан Раев кызматташуу маселесин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров жана ТЮРКСОЙ Баш катчысы Султан Раев кызматташуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Султан Раевди кабыл алды.    

Министрлер Кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.    

«Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга өбөлгө түзөт деп ишенем», - деди Акылбек Жапаров. 

Түркия Республикасында күзүндө өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу иш-чаралары талкууланды.     ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алмашуу болду. 

Уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата 2023-жылы пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.