Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Бириккен Араб Эмираттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.