Жаңылыктар
Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейман менен учурашып, анын Кыргызстанга болгон сапары эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин жана активдүү динамикасын билдирерин белгиледи. 

Президент Кытайдын тышкы иштер министрине эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жеке көңүл бурганы жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөнүн жогору баалай турганын белгиледи. 

Ошондой эле бул визит кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын тарыхый этап болуп каларына ишенимин билдирди.