Министрлер Кабинетинин Төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында өткөн райондун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан район тургундарын мааракелүү дата менен куттуктады.
“Чындыгында Чоң-Алай – карт тарыхтын сырларын катып жаткан жер. Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка дал ушул жерге келип, иштеп турган. Чоң-Алайды – даткалардын изи калган жер дейбиз. Бул жердин элинин бекем ынтымагы – башкаларга үлгү. 2017-жылы жер титирегени эсиңиздерде болсо керек. Ошондо 623 үй жабыркаган. Бирок келген жардамдарды башкалардай ызы-чуу кылбай, абдан так, калыс, уюшкандыкта бөлүштүрүп, бекем ынтымагыңарды көрсөткөнсүздөр"- деди Жапаров.
Өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөргө, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолгон министрлер кабинетинин башчысы башталган ири долбоорлор аягына чыгарын белгиледи.
Чогулгандарга театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.
Ош облусунун Чоң-Алай району 1992-жылы түзүлгөн, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Тоолуу аймакта 34 миң 636 адам цжашайт, анын карамагына 3 айыл аймак кирет.